www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Важные истории» басылмасы Орусияда Украинага каршы согушка жалдагандарга келишим түзүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси бекитилгенин жазды.

Иликтөөчүлөр январдан бери армия менен келишимге кол коюуну каалагандарды жалдоо менен алектенген агенттиктер арасында болжол менен 36 мамлекет камтылган тизмени тарата башташканын аныкташты. Ага негизинен африкалык, араб жана башка «дос мамлекеттер» кирген. Арасында Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Түркия, Куба, Ооганстан, Иран жана Венесуэланы көрүүгө болот.
Мындай чектөөнү киргизүү чечимин ким жана кандай негизде кабыл алганы белгисиз. 

Украиналык "Хочу жить" долбоору былтыркы күздө жарыялаган маалыматка караганда, Орусия 10 миңден көп чет өлкөлүктү согушка жалдаган. Эң көбү Тажикстан, Беларус, Казакстанга туура келет. Тизмеде 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews

Последние новости