www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
WhatsApp мессенджеринде жана социалдык тармактарда абалды курчутуу менен баш аламандыкты болтурууга даярдык көрүлүп жатышы мүмкүн болгон чачымчыл ушактарды таратышууда.
Ушуга байланыштуу, ички иштер министрлиги жана башка укук коргоо органдары жогорудагыдай жалган маалыматты тараткандарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.
ИИМ белгисиз адамдар тарабынан таратылган маалыматтарды жалган маалыматтардын жардамы менен абалды жасалма курчутууга, коомдо ызы-чууну жайылтууга аракет көрүү катары баалайт. Азыркы учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу жана тынчсызданууга эч себеп жок. Укук коргоо органдары ар убак коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп келүүдө. Ички иштер министрлиги эскертет, жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
ИИМ жарандарды WhatsApp мессенджеринде жана интернетте кандайдыр бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат, андай фактылар жөнүндө 102 телефону боюнча ички иштер органдарына билдириңиздер, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg