www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Кыргызстанда жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр жол кырсыктарынын айынан 284 адам каза болуп, 2829 жаран жаракат алган.
Ал эми жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 342 жол кырсыгы катталып, 46 киши көз жумуп, дагы 311 жаран жаракат алган.
Буга байланыштуу ЖКККББ бардык айдоочуларды жоопкерчиликтүү болуу менен жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Жөө өтмөктөргө жакындаганда ылдамдыкты сөзсүз төмөндөтүңүз;
жөө жүргүнчүлөргө, айрыкча балдарга, ар дайым жол бериңиз;
калктуу конуштарда жана мектеп, бала бакча аймактарында өтө этият болуңуз;
унаа башкарууда алаксыткан нерселерден (телефон ж.б.) алыс болуңуз.
Жол эрежелерин так сактоо — адам өмүрүн сактоо экенин унутпаңыз! Ар бир жол кырсыгы — кайгы, жоготуу жана орду толгус өкүнүч.