www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ жарандарды Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар кандай символдорду тагынуудан баш тартууга чакырат.

ИИМ билдиргендей, 9-майда өткөрүлүүчү иш-чаралардын катышуучуларынын арасында чагымчылык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Россиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды, символикаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

“Бишкек шаарынын “Дордой”, “Ош”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” ири базарларында жана соода борборлорунда, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлерине, сатуучуларга, мындан сырткары, “Өлбөс полк — Кыргызстан” жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларына алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Интернет булактарында мониторинг жасалып жатат”, — деп жазылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоо боюнча 3 факт аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 194-беренесинин 2-бөлүгү (“Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу”) боюнча жоопкерчилиги каралып, 5 500 сом айып салынган.

“Өлкөнүн аймагында 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашай тургандыгын эске алуу менен ИИМ жарандарга улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштайт”, — деп эскертет ИИМ.

Бул боюнча мыйзамда жоопкерчилик каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости