www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуш 9-май күнү же беш күндөн кийин аяктайбы?

Орусияны кетире албай Батыш убара, эми Рим папасы кошулду. Рим папасы Франциск Украинадагы жаңжал 9-майда аяктаарына үмүт артып, бирок пессимисттик маанайда экенин белгиледи: «Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан мени менен болгон жолугушууда орустардын баары 9-майда бүтөт деген планы бар экенин айтты. Мен ушундай деп үмүттөнөм, ошондуктан биз бул күндөрдө эскалациянын ылдамдыгын түшүнөт элек. Мен пессимистмин, бирок согушту токтотуу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек», - деди Рим папасы.

Ал кошумчалагандай, ал тынчтык орнотууга жетишээрлик каалоону көрбөй жатат. Буга чейин Рим папасы Украинадагы согушту жөнгө салуу үчүн Путин менен Москвада жолугууга даяр экенин айткан. Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Рим папасы Франциск НАТОнун Орусиянын чек арасына жакын жердеги аракеттери Москваны атайын аскердик операция өткөрүүгө түртүшү мүмкүн экенин мойнуна алды. Ал "НАТО Орусиянын эшигинин алдында үргөнү" Кремлдин мындай реакциясына алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Ошол эле маалда понтифик Украинага курал-жарак берүү туурабы деген суроого жооп берүү кыйынга турганын айтты – өзү, гезиттин айтымында, жарыша куралданууну токтотууну жана курал-жарак өндүрүшүн көбөйтүүнү жактайт: «Ушундан улам согуштар жүрүп жатат: биз чыгарган куралдарды сыноо үчүн. Бул Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки Испания жарандык согуш учурунда болгон. Эки-үч жыл мурун, Йеменге жеткирүү үчүн чоң жүк ташуучу кемеге өткөрүлүшү керек болгон курал-жарактары менен бир кеме Генуяга келди. Порттун жумушчулары муну каалашкан жок. Йемендин балдарын ойлонолу дешти. Бул кичинекей, бирок жакшы ишарат. Мындай иш-аракеттер дагы көп болушу керек», - деп жыйынтыктады ал.

Рим папасы Франциск Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууга даяр болгон. Диний ишмердин айтымында, Орусиянын Украина аймагындагы атайын операциясы башталгандан 20 күн өткөндөн кийин ал Москвага билдирүү жөнөтүп, Путин менен украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн Орусиянын борборуна келүүнү каалаган: «Путин бул жолугушууну азыр өткөрө албайт жана өткөргүсү келбейт деп корком, бирок, биз азырынча жооп ала элекпиз жана жолугууну талап кыла беребиз», - деди Рим папасы.

Ошол эле маалда ал Москвага иш сапары менен барар алдында Киевге барууну пландабаганын баса белгиледи. «Адегенде мен Путин менен жолугушуум керек», - деп жыйынтыктады понтифик. Белгилей кетсек, буга чейин Рим папасы Франциск Москванын жана Бүткүл Орусиянын Патриархы Кириллди Орусиянын Украинадагы атайын операциясын токтотуу үчүн аны менен бирге «чыныгы тынчтык орнотуучу» болууга чакырган.

Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин Британия НАТОдон чыгыш керек: "Британиянын НАТОдон чыгышы биздин узак мөөнөттүү саясатыбыз бойдон калууда, анткени биз тынчтыкты сактоо институттарына көбүрөөк көңүл бурулушун каалайбыз", - деди саясатчы. Ошол эле учурда ал Украинадагы окуяларга байланыштуу альянстан тез арада чыгууга чакырбай турганын белгиледи. Ал Британия жаңжалды тез арада токтотууга салым кошуусу керек деп эсептейт жана Британиянын премьер-министри Борис Жонсонду Москва менен Киевдин сүйлөшүү үстөлүнө отурушун камсыздоого чакырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости