www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рим папасы Франциск Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барууга даяр. Бул тууралуу понтифик Corriere della Sera гезитине берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Диний ишмердин айтымында, Орусиянын Украина аймагындагы атайын операциясы башталгандан 20 күн өткөндөн кийин ал Москвага билдирүү жөнөтүп, Путин менен украин жаңжалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн Орусиянын борборуна келүүнү каалаган.

«Путин бул жолугушууну азыр өткөрө албайт жана өткөргүсү келбейт деп корком, бирок, биз азырынча жооп ала элекпиз жана жолугууну талап кыла беребиз», - деди Рим папасы.

Ошол эле маалда ал Москвага иш сапары менен барар алдында Киевге барууну пландабаганын баса белгиледи. «Адегенде мен Путин менен жолугушуум керек», - деп жыйынтыктады понтифик.

Белгилей кетсек, буга чейин Рим папасы Франциск Москванын жана Бүткүл Орусиянын Патриархы Кириллди Орусиянын Украинадагы атайын операциясын токтотуу үчүн аны менен бирге «чыныгы тынчтык орнотуучу» болууга чакырган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости