www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Украинадагы аракеттерин айыптоосун Африка өлкөлөрүнөн талап кылуу менен Батыш коркутуп-үркүтүүгө жана шантаж ыкмасына өттү. Бул тууралуу Орусиянын Анголадагы элчиси Владимир Тааров РИА Новости агенттигине билдирди.
"Ангола Батыш өлкөлөрүнүн катуу кысымына кабылды. Африка өлкөлөрүн Орусияны айыптоого чакырып жатышат. Бирок алар "тынчтыктын орношуна салымыбызды кошобуз” деген принцип менен жашашат”, — деди дипломат.
Ошондой эле ал Батыш мамлекеттеринин жүрүм-турумун адеп-ахлаксыз деп атады.
"Алар жөн эле коркутуп, шантаж кылып жатышат. Бул адеп-ахлаксыздык. Африка өлкөлөрү эптеп туруштук берип жатышат. БУУнун Башкы ассамблеясында антироссиялык резолюция үчүн добуш берилип жатканда африкалык өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы бейтарап болушту. Башкача айтканда, калыс бойдон калышты. Алар резолюцияга каршы добуш берүүгө батынган жок, анткени басым өтө катуу болду, — деди Тааров.
7-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясы Оруссиянын Украинадагы атайын операциясына байланыштуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги РФтин ишин токтотуу боюнча резолюция кабыл алган. Резолюцияга 93 мамлекет – "макул", 24 мамлекет – "каршы", 58 мамлекет "калыс" деп добуш берген.
Булак: NazarNews.kg