www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички илктөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында жалган милиционер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын катарларын кызматтын кызыкчылыгына ар кандай чыккынчылардан, паракорлордон, мыйзам бузуучулардан жана милициянын беделине шек келтирген башка элементтерден, жалган милиционерлерден тазалоо милдетин такай коюп келет.
Муну менен катар ИИМдин Ички иликтөө кызматы өздүк курамдын арасында алдын алуу жана тарбиялык иштерди жүргүзүп, ошол эле учурда шалаакы, «көңүлү жок» кызматкерлерди жана жалган милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча иштерди үзгултүксуз жүргүзүүдө.
Бул Ички иштер министрлигинин принципиалдуу позициясы.
Ошентип, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш 5» кичирайонунан жалган милиционерди кармашты.
Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен каралган акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жалган милиционер И.С., алдамчылык жолу менен, өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катарында тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынасың деп эч кандай күнөөсу жок болсо да коркутуп, 150 миң сом акча опузалап талап кылган жана ал жаран ИИМге кайрылганга чейин андан 130.000 миң сом алгандыгы аныкталган.
2022-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте он беш мин сом акча каражаттарын алып жаткан учурда И.С. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына кармоо жүргүзүлдү.
Булак: NazarNews.kg