www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленскийге эч кандай тынчтык келишими керек эмес, бул анын Украинадагы режиминин жок экенин айгинелейт, деп эсептейт РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Зеленскийге эч кандай тынчтык келишиминин кереги жок. Ал үчүн тынчтык - бул баары бүткөнү. Же тез - нацисттерден, алар москвалыктар менен тил табышканы үчүн аны «гиллякуга» асып салышат. Же жайыраак - аны согушта жеңилген президент катары кызматтан алууга жетише турган атаандаштар», - деп жазды Медведев өзүнүн Telegram каналында.
Анын айтымында, муну «анын (Зеленский – ред.) тегерегиндеги ар кандай шерменделер да тынчтык келишими болбойт деп кыйкырып» тастыктап жатат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg