www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинде 23-июнда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарууга арналган аппараттык кеңешме онлайн форматта өттү.

Жыйынга министрликтин жетекчилиги, борбордук аппараттын кызматтарынын, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде биринчи жарым жылдыктагы иштин жыйынтыктары талданып, бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча алдыдагы милдеттер белгиленди.

Туристтик сезондун кызуу учуруна байланыштуу туристтик аймактардагы коопсуздукту күчөтүү, туристтик-экологиялык милициянын ишин жакшыртуу жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле жыйында коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу жана ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Мындан тышкары, «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында санариптик технологияларды кеңири колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Азыркы тапта республика боюнча 10 миңден ашуун видеокөзөмөл камерасы иштеп жатканы белгиленип, жыл соңуна чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү милдети коюлду.

Ошондой эле боди-камераларды, планшеттерди, дрондорду жана башка техникалык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу тапшырмасы берилди.

Жыйындын соңунда ИИМдин жетекчилиги жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп кайтаруу, калк менен иштөөнүн сапатын жакшыртуу жана коомдук иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды жүктөдү.

Последние новости