www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкек шаарындагы 38 жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы 2 көп кабаттуу турак жайдын жашоочуларына шайкештик актыларын тапшырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 2025-жылдан бери жүргүзүлүп жаткан көйгөйлүү курулуш объекттерин инвентаризациялоо, укуктук талдоо жана мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында ишке ашууда.
Документтерди министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаев тапшырып, аткарылып жаткан иштер министр Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи. Анын айтымында, бул чечим көп жылдан бери чечилбей келген турак жай маселелерин жөнгө салууда маанилүү кадам болуп саналат.
Министрликтин маалыматына караганда, 10–15 жыл мурда курулган айрым көп кабаттуу үйлөр курулуш компаниялары тарабынан расмий пайдаланууга берилбей калган. Натыйжада батир ээлери үйлөрүн өз атына каттата албай, электр энергиясы, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтар үчүн коммерциялык тариф менен төлөп келишкен.
Жолугушууда жашоочуларга мындан аркы каттоо жол-жоболору боюнча түшүндүрмөлөр берилип, алар министрликке ыраазычылык билдиришти.
Курулуш министрлиги өлкөдөгү көйгөйлүү көп кабаттуу турак жайларды мыйзамдаштыруу иштери мындан ары да улантыларын маалымдады.