www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-январда 2025-жыл ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык отурум өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, ИИМдин жетекчилик курамы, ички иштер органдарынын башчылары катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2025-жылдын 12 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, “Коопсуз өлкө” долбоорунун ишке ашырылышы, жарандарды сервистик тейлөөнү жакшыртуу жана ИИМдин маанилүү иш-мерчемдерин бекитүү боюнча маселелер талкууланат. 

Коллегиялык отурумдун башында сөз сүйлөгөн ички иштер министри Улан Ниязбеков 2025-жылы жүргүзүлгөн иштердин негизги жыйынтыктарына токтолуп, ички иштер органдары коопсуздукту камсыздоодо жаңы ыкмаларды жана санариптик чечимдерди кеңири колдонууга өткөнүн белгиледи.

Маалымдалгандай, 2025-жылы республика аймагында кылмыштуулуктун деңгээли бир кыйла төмөндөп, кылмыштардын бетин ачуу көрсөткүчтөрү жакшырган. Ички иштер органдары эл аралык, мамлекеттик жана расмий маанидеги 120дан ашуун массалык иш-чараларда коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздап, одоно мыйзам бузууларга жол берген жок. Мындан тышкары, өлкө боюнча жүздөн ашуун жаңы заманбап административдик жана кызматтык имараттар курулуп, милиция кызматкерлеринин иштөөсү үчүн шарттар жакшыртылды.

Ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык “Коопсуз шаар” компонентинен “Коопсуз өлкө” долбооруна толук өтүү ишке ашырылып, долбоордун биринчи этабы 2025-жылдын июнь айында башталган. Анын алкагында Ысык-Көл облусунда туристтик мезгилде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, заманбап техника жана санариптик жабдыктар менен камсыздалды. Бул чаралар туристтик мезгилде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын кыйла азайышына өбөлгө түздү.

«Биз коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен чектелбестен, милициянын сервистик багытын күчөтүүгө, жарандарга жеринде ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө басым жасадык. Натыйжада, 2025-жылы дээрлик 10 миң кылмыштын алдын алууга жетиштик», – деди министр.

ИИМдин башчысы 2026-жылы “Коопсуз өлкө” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу пландалып жатканын белгилеп, анын алкагында республика боюнча 20 миңден кем эмес видеокамера орнотуларын, жаңы санариптик программалар ишке киргизилип, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жана туристтик аймактарда коопсуздук системасы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айтты.

“Биз алдыбызга коюлган бардык тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, элдин коопсуздугун камсыздоодо натыйжалуу иш-чараларды улантабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Улан Ниязбеков.

Андан соң, Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев ички иштер органдарынын ишине баа берип, алдыдагы мезгилде мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону мындан ары да күчөтүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. 

Последние новости