www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын коомунда бир топ жылдан бери көңүлдү бурган, бирок айтылбай жүргөн бир көрүнүш бар. Жалгыз жашаган карылар уурулук кылып, өздөрүн атайылап карматып, түрмөгө түшөт. Алар үчүн түрмө үйдөн да коопсуз жана тынч жашоонун булагы катары эсептелет.

Мунун бир канча социалдык себептери бар. Пенсия жетишсиз болуп турак-жай жана тамак-аш чыгымын жаба албайт.  Андан дагы чоң көйгөй, бу жалаң жалгыздык жана социалдык изоляция. Күндөр өтө берип, депрессия күчөйт. Ошол учурда карыларды түрмөдөгү күнүмдүк тартип, тамак-аш, дары-дармек, адамдардын бааралашуу чөйрөсү өзүнө тартары айтылат.

Акыркы жылдары Японияда дүкөндөрдөн уурулук кылган адамдардын арасында 65 жаштан өткөндөрдүн саны өсүп баратат. Алар көбүнчө бутерброд, зонтик сыяктуу арзан буюмдарды уурдап, атайылап кармалыш үчүн аракет кылышат. Максаттары соттолуп, түрмөгө кирүү.

Булак: NazarNews

Последние новости