www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Франция Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле өкмөттөр аралык эл аралык келишимди түзүү аркылуу адамдарды реадмиссиялоо темасын талкуулоо маселелерине бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү укук коргоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

 

Последние новости