www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-февралда Иики иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ички аскерлеринин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев, Ички аскерлердин аскер кызматкерлери, ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Ички аскерлердин колбашчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын алдыдагы майрам менен куттуктады.

“Учурда Ички аскерлердеги жаңы муун, ардагерлерибиздин даңктуу жолун улантуу жана алардын калтырган осуяты менен кызматын аткарып келишет. Алар өзүлөрүнүн кайраттуулугун, кыраакылыгын жана Аскердик антка бекемдигин далилдөө менен мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында кызмат өтөп келүүдө”, – деди Алыбаев.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Ички аскерлеринин бир топ аскер кызматкерлери грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда көрүүчүлөргө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин чыгармачылык тобу тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости