www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Диплом» операциясы депутат Фархат Алимжановго жетти

Жогорку Кеңешке билимдүү, жаратман жаштар келип өлкөнү алдыга сүрөсө деген карапайым элдин тилеги таш капты көрүнөт. Чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттардын укугун коргоп Орозайым Нарматова депутат болуп келгени менен диплому жок экен деп алып тынышты. Диплому жок адамдар эл өкүлү болгонго мыйзам жол бербегени менен мыйзам баарына тегиз иштесе. 

Дегенибиз, миллиондорду айланткан бизнесмен Фархат Алимжанов дагы диплому жоктордун катарына киргени менен, депутатка эч ким даай алган жок. Анткени депутаттын жасалма жол менен диплом алды деген факт дал эле ушул бизнесмен депутта да бар экени Түштүк тарапта кызуу талкуу болуп жатат. Ага кашкайган далилдер дагы бар. Күбөлөр четтен чыгат.

Рыскелди Момбековго иштеген мыйзам, миллондорду чапчыган Алимжановдорго иштебейби? «Балким, акчалуу адамдар акыйкатты дагы сатып алганбы?» - деп өзү окуп бүткөн окуу жайдын мугалимдери ачык эле айтып жатышат.

Алимжанов жеке ишкер болгондуктан сабак учурунда чет өлкөдө көп жүргөн. Акчанын күчү менен экзамендерин жайгарып, мамлекттик экзаменге дагы катышпай сынак учурунда инвесторлор менен чет өлкөдө долларларды санап, Ташкенттин ресторандарында чалкалап чай ичип олтурган деген кептер тарап жатат.

Адилетүүлүк кылып ушул депутаттын дагы дипломун текшерип койсо, саясий буйрутма деген күбүр-шыбыр сөздөргө дагы чекит коюлуп, ажообуз менен Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасына болгон ишеним дагы жогору болуп, колдоого татыйт эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости