www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүңдүн жараатыңды даанышмандыкка айландыр.

(Опра Уинфри)

Эгер сен өмүр бою бороонду күтүп отура берсең, эч качан күндүн нурунан ырахат ала албайсың.

(Моррис Уэст)

Жаш өткөн сайын адам эки колу бар экенин сезе баштайт. Ал колдордун бири өзүнө, бири башкаларга жардам бериш үчүн жаратылган.

(Одри Хепберн)

Сен жакшы болууга аракет кылсаң, айланаңдагылар да жакшы боло баштайт.

(Пауло Коэльо)

Өзүң жашап жаткан турмушту сүй, өзүң сүйгөн турмушта жаша.

(Боб Марли)

Дайыма эсиңде болсун: башкалар кандай уникалдуу болсо, сен деле ошондойсуң.

(Маргарет Мид)

Биз бир эле жолу жашайбыз. Бирок, туура жашачу болсок, бир жолкусу деле жетиштүү.

(Мэй Уэст)

Адамдардын көбү өзүнүн кыялы менен эмес, коркуусу менен жашайт.

(Лес Браун)

Адамдын эрдигине жараша анын жашоосу же тарыйт, же кеңейет.

(Анаис Нин)

Ар бир көз ирмем – бул жаңы башталыш.

(Т.С.Элиот)

Чыккынчылык канчалык катуу тийерин билген адам гана эч качан чыккынчылык кылбайт.

(Майкл Джексон)

Чыккынчынын антына ишенүү – шайтандын ыймандуулугуна ишенгендей эле кеп.

(Англиянын королевасы Елизавета-1)

Ар кандай чыккынчылык – бул руханий өлүм.

(Юрий Бондарев)

Адамдарды согушка даярдыксыз жиберүү – аларга чыккынчылык кылууга жатат.

(Конфуций)

Көп кишилердин жашоо планы депого бараткан поезддердин расписаниесине окшош.

(Сергей Грек)

Классташтардын жолугушуусу мектепти “беш” жана “эки” менен бүткөндөргө карата турмуштун өз көз карашы бар экендигин көрсөтүп турат.

(Ашот Наданьян)

Сыркоо киши өзүнүн сыркоо экенин билгени – анын айыга баштаганынын белгиси.

(Терентий Травник)

Өзүнүн жашоосун бош чака эмес, ичи толо бочка элестеткен киши гана турмушта бир нерсеге жетише алат.

(Вальтер Моэрс)

Жалгыз жүргүнчү баарынан алыска барат.

(Феликс Зальтен)

Утканыңды же утулганыңды билиш үчүн сен оюндун аягына чыгышың керек.

(Юрий Грачевский)

Жалгыздык – бул биз эркиндик үчүн төлөгөн кун.

(Сергей Лукьяненко)

Бакытты күтөбүз. Бактысыздык болсо күттүрбөй келет. Атүгүл көйнөкчөн төрөлгөндөр деле өмүр бою бир көйнөк менен өтүп кетиши мүмкүн.

(Принц Александр)

Ийгилик аялга окшош: мыкты жигитти тандап алат да, эң кыйын кезеңде таштап кетет...

(Сергей Грек)

Өлмөйүнчө адамды бактылуу деп айтпагыла.

(Софокл)

Кетет да кайра келбейт... Жашоо ушунусу менен таттуу эмеспи!

(Эмили Дикинсон)

Бактылуу кишилердин баары бир кезде бактысыз болушкан.

(Эльчин Сафарли)

Адамдын жашоосу темирге окшош: иштетсең жешилет, иштетпей койсоң дат басат.

(Улук Катон)

Адам канчалык аракет кылбасын, азап тартаар мезгил келгенде азап тартат.

(Харуки Мураками)

Кайгыны билбеген киши жашоону деле билбейт.

(Терентий Травник)

Бактысыздыкты сезбей туруп бактылуу боло албайсың.

(Лорен Оливер)

Биздин ар бирибиздин ичибизде жүрөккө сайылып турган бир ысык ийне бар.

(Генри Лайон Олди)

Булак: Азия News гезити

Последние новости