www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматында күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу ИИМдин ИКАКтын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды күзгү мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. 
Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.  Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты. 
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт. 
Быйылкы күзгү аскерге чакыруу көрсөткөндөй, жыл өткөн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында Мекенди коргоо үчүн кызмат кылууга даяр жаштардын саны арбып баратканы, бир жагынан аскерге чакырылгандардын сапаттык көрсөткүчтөрү жакшырып баратканын айгинелесе, экинчи жагынан жаштар арасында патриоттуулук сезимдер күчөгөндүгү баарыбызды кубандырбай койбойт.
 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости