www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери уруулукка шектүү жаранды  кармашты. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда  көрсөтүлгөн жаран  автоунаанын ичиндеги буюмдарды жана баалуу буюмдарды  уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун курамында болгон. 2019-жылдын мартында ички иштер органдарына Чүй облусунун жашоочусу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, материалдык зыянга учураткан белгисиз  жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 

Жабырлануучу жаран милицияга жарым жыл өткөндөн кийин гана кайрылууну  чечкен. 2018-жылдын жазында түнкү маалда Ново-Павловка айылындагы  базардын жанынан “Тайота-Аллион” үлгүсүндөгү автоунаасынын  терезесин  талкалашып, ичинен 5000 сом жана 100 АКШ доллары, ошондой эле жеке  документтери салынган барсеткасын уурдап кетишкен. Арыз КЖБРге катталып, Сокулук РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз  Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен иликтөө  иштерин башташкан. Иликтөөгө  ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылып, уурулукка тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон Сокулук районунун 1989-жылы туулган Э.И. аттуу болуп чыккан. 

Жакында сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларанын жүрүшүндө шектүү кармалган. Кармалган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бардыгын күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен башка далилдер тастыктаган. Автоунаанын ичиндеги буюмдарды жана баалуу  буюмдарды уурдоо менен алектенген  уурулар базарга келгендерди тоноп,  белгилүү схема менен-бирөө жарандарды алаксытса, экинчиси автоунаанын  терезелерин талкалап, уурулук жасап жүрүшкөн. Криминалдык милиция  кызматынын маалыматы боюнча Э.И. аттуу кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчамкаттоосунда турат. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат. Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости