www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайрат изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Кыргыз Республикасынын жараны 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча   иштер жүрүп жатат.  Ал 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 
 Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар. 
 Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билген болсоңор төмөнкү телефон номурлары аркылуу маалымдап коюңуздарджы суранабыз:  0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 же Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгүнүн номуру  0312 266261.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости