www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери “Камкордук” рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 17-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери “Камкордук” рейдин өткөрүштү. Кызматкерлер рейд учурунда өкмөттүн эскертүүсүнө карабастан өз ишмердүүлүктөрүн улантышкан  интернет клубдарды аныкташты. 

Текшерилген 12 интернет клубдун ичинен өз ишмердүүлүгүн уланткан 3 клуб аныкталып, аларга эскертүү берилди. Ошондой эле кызматкерлер   аталган борборго алып келишкен балдардын ата-энелерине  түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң, үйлөрүнө жиберилди. 

Андан сырткары, саат 22:00 дон кийин ата-энесинин кароосу жок коомдук жайларда жүрүүгө болбоору эскертилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости