www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунун ИИБи тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Кыргыз Республикаксынын Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде, Чүй облусунун ИИББнын КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы окуяларга шектелип, 1997-жылы туулган М.М., 1998-жылы туулган С.И. жана 1988-жылы туулган С.Р. аттуу жарандар кармалышып, тергөө абагына камакка алынышкан.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 26-ноябрь күнү Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасы учурунда Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө жыйынын биринен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эки автоунаа тиешелүү документтерин текшерүү максатында токтотулуп, бирок алар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан.

Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көргөзүп, ага күч колдонуу учурунда ал табелдик куралынан абага ок чыгарып, эскертүү иретинде куралын колдонгон. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталган. Учурда  сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости