www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын аймагында, анын ичинен Бишкек  шаарында коронавирус илдетинин курчуп жаткандыгына байланыштуу, ИИМдин Медициналык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттук ишки иштер башкармалыгынын карамагындагы  кызматкери милициянын майору Оржоев Кутман Азиевич өз үй-бүлөсүнүн атынан жасалма дем алдыруучу аппаратты тапшырды. Аталган аппарат коронавирус илдетине чалдыгып, дем алуусу начарлап жаткан бейтаптардын дем алуусун жеңилдетүү үчүн  колдонулат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баасы 800 АКШ доллары турат. Кутман Оржоев ИИМдин Медицина башкармалыгына тапшырып жатып, “Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу жана ага бөгөт коюда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте өз милдеттерин татыктуу аткарып жатышат. Коргонуучу каражаттар менен дагы камсыздалса дагы кызматкерлер аталган ооруга чалдыгып, ооруканага түшүп калгандары  жок эмес. Ошондуктан мен үй-бүлөөм менен кеңешип,  өз кесиптештеримдин ден соолугуна кам көрүү максатында ИИМдин Медициналык башкармалыгына аталган аппаратты тапшырууну чечтик.

Мындан ары дагы жардамымды берсем деп ойлоп жатам. Ошондой эле башка кесиптештеримди дагы бул кайрымдуулукка катышып, кошумча дагы аппараттардан алып берсек деп кайрылып кетет элем”,-деди ал.

ИИМдин Транспорттук ишки иштер башкармалыгынын карамагындагы  кызматкери милициянын майору Кутман Оржоевге жасалма дем алдыруучу аппаратты тапшыруу учурунда ИИМдин Медицина башкармалыгынын дарыгери милиция кызматкерлеринин ден соолугун сактоо үчүн көрсөткөн жардамына терең ыраазычылыгын билдирип, үй-бүлөөсүнө бейкуттукту, бекем ден соолукту жана иштерине ийгиликтерди каалап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости