www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Ички иштер министрлигинин мурдагы жана азыркы кызматкерлери 8 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, ИИМ менен Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү жана Ички иликтөө кызматтарынын өкүлдөрү Бишкектен Lexus GX-470 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны тинтүү учурунда салмагы 8 килограммга жеткен 11 брикет гашиш табылган. Унаанын айдоочусу ИИМдин пенсионери, милициянын отставкадагы полковниги, Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын Т.К. аттуу мурдагы кызматкери экени аныкталган.

Бул окуядан кийин ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги К.Ж. дагы ушул ишке тийиштиги бар деп шектелип колго түшүрүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, сатуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Колго түшкөн милициянын отставкадагы полковниги №1 убактылуу кармоочу жайга бир айга, ал эми милициянын полковниги — УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле мындай көрүнүшкө жол берген деп Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги иштен алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости