www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамдын ким экенин билгиң келсе, байлык менен мансап бер дешет элибизде. Анысы сыңары, көрбөгөндүн көргөнү курусун дегендей, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиевдин кылыктары коомду иренжитип жатат.
Дээринде кошоматчылык, текеберлик бар адам акыры чыныгы жүзүн ачат тура. Вице болгону бийликке жагынып, Жогорку Кеңешке келген министрлерге кошомат кылып, ыгы келсе деле, келбесе деле болушуп, депутаттарды кагып-силкип, алар менен айтышканды адат кылып алды. Оюнда кыйратып жатам деп эсептейби, айтор деңгээли плинтустан төмөн экенин айгинелеп жатат.
Негизи, моралдык жагынан анчейин эместигин, Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышына депутат болом деп, жердеши Алмамбет Шыкмаматовдун мандатын талашып, “Ата-Мекен” партиясынын ичинде интрига кылып, бөлүп-жарганда эле билинген.
Дал ушул Сыдыгалиевдин ичи бузук, көралбастыгынын кесепетинен Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаевдин ортосун карма мышык аралап, бүгүнкү күнгө чейин бет карашпай калды.
Эшекке алтындан жабуу жаап, Ак сарайга киргизсең деле күлгө оонаганын койбойт деген ырас тура.
Булак: NazarNews.kg