www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул жолку каарманым Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көп жылдан бери эмгектенип келген актриса Жумагүл Жумалиева болду. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбастан, берилген ролду ийне-жибине чейин талдап ойногонуна эли күбө. Ар бир образды кыймылы менен эле аткарып койбостон, жан-дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезе билип, каармандардын бири-бирине окшошпогон кулк-мүнөзүн өтө чеберчилик менен ача билген мыкты кесипкөй.
- Спектакль - бул жандуу дүйнө. Эгер көрүүчү спектакль менен кошо жашай алса, анда ошол актёрдун эмгеги деп билсек болобу?
- Ооба, ошол актёрду такшалтып чыгарган режиссёрдун эмгеги зор. Эгер актёр берилген ролду үстүртөн ойноп койсо, образы чийки чыгып көрүүчүгө жетпей калат. Андыктан сага берилген роддун үстүндө эринбей иштеп, иликтеп, изденүү жолунда болуу керек. Бизди Станиславскийдин системасы менен окуткан да, "если бы я" эгерде ошол каармандын ордунда мен болсом деп өзүңдү өзүң ошол каармандын ордуна коюп, анын бүт кыймыл аракетин, кулк мүнөзүн жан дүйнөңө сиңиртип албасаң, көрүүчүгө жеткизе албайсың.
- Белгилү болгондой адам өзүн-өзү сындагандан өтөөрү жок экен. Конкреттү бир образыңыздан өтөөсүнө жетпей калып уялган учурларыңыз болгон беле..?
- Режиссёр атайын убакыт бөлүп, ар бир актёр, актрисага жекече мамиле менен каармандын ар бир деталына көңүл буруп иштеп чыгат. Мына ошол убакытты туура пайдалана алсаң утуш сенде. Эмгек жолумда уят болуп калган учурум болбоптур.
- Кинодо бир тартылган бойдон аны өзгөртү кажетсиз. Ал эми театрда актёр же актриса кечээкисинен бүгүнкү образын мыкты чыгарышы мүмкүн. Көрөгөч режиссёр гана пьесаны өзгөртүп коюуга кудурети жетет экен. Ошондой режиссёрлорду жолуктургансызбы?
- Албетте. Ар бир драматургдун өз почерки бар сымал, ар бир режиссёр дагы өзүнүн дараметине жараша спектакль коёт. Мыкты режиссёр пьесаны көркүнө көрк кошуп, өзгөртүү киргизүү менен өзгөчө спектаклди пайда кыла алат. Менин бактыма жараша чоң чоң режиссёрлордун колунан тарбияландым. Чыгаан режиссёрубуз Бообек Ибраев Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" пьесасын "Сүйүү жана достук" деген аталышта коюп, анда мен башкы каарман Шайыргүл дүн образын ачып бергем. Көрүнүктүү режиссёрубуз Искендер Рыскулов "Король Лирди" өз чыгармачылыгы менен коюп, Король Лирдин улуу кызы Гонерильяны ойногом. Медербек Назаралиев Гоголлдун "Текшерүүсүнөн" Анна Андреевнаны аткардым. Атай берсе, чыга берет...
- “Чеховдук чеберчиликте” жашоосунан тайган адамдарга караганда таланттуу каармандарды сүйү оңой деген курч сөздөрү бар. Бизде гана эмес, орус классиктерде болобу же дүйнөлүкпү уникалдуу таланттардын тагдыры тайкы болуп калганы эмнеден деп ойлойсуз?
- Таланттардын тагдырынан тайкылыгы ал адамдын өзүнөн. Эч убакта кимдир бирөөнү күнөөлөбөш керек. Бир гана чыгармачыл инсандар эмес, ар бир адам өз тагдырынын устасы болуу керек.
- Өпкө менен жүрөктүн байланышы кандай болсо, илим менен искусствонун байланышы да так ошондой болот; ал эки органдын бирөө иштебесе, экинчиси эч качан туура иштей албайт деп орустун улуу жазуучусу Лев Толстой айтып кетиптир. Профессионал таланттардан аксап бараткандайбыз... Дегеним, уюлдук телефон кармагандар оператор, өңдү-түстүлөр актёр же актриса, тың чыкмалар режиссёр болуп калды өңдөнөт...
- 50 жылда эл жаңы дегендей, албетте заман башка, эл башка. Биз 1983-жылы Москвадан театралдык окуу жайды бүтүп келип, Прежевальск (Каракол) шаарындагы театрга ишке орноштук. Ал убакта көрүүчүлөр да башка болчу. Айылдагы клубдарга барып спектакль койгондо эл батпай, 2-3 сеанстан өтөр эле. Азыр гастролго чыгуу деген жоюлган. Ал эми кино тармагын айта турган болсок, союз учурунда эң алдыңкы режиссёр катары саналган залкарларыбыз Т. Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Генадий Базаровдун жолун улай турган режиссёр тарбиялай албай жатканыбыз өкүндүрөт. Кино алптарынын ар бир тасмасын кайра кайра кайталап көрүүдөн тажабайсың. Ал эми азыркы тасмалардын өмүрү канчалык ага эл тараза, эл сынчы.
- Актрисага аткарыла элек роль кызык экен...
- Албетте. Кыргызстандын ичинде көпчүлүгү 20 дан ушууну аткарган ролдорум башкы каармандар болду. Мени көбүнчө кызыктырганы орус классикасы. Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында режиссёр Медербек Назаралиев койгон Гоголдун "Текшерүүсүн" көп жылдан соң режиссер Замира Аклаева койду. Эки театрда башка -башка режиссёрлор менен иштешкен күндөрүм болду. Жашоодо көпчүлүгү бийиктикке умтула, алдыга чоң - чоң максат коюп жашашса керек. Аткарыла элек ролуң да максаттардын бири. Максаттар али алдыда.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg