www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн өткөн сайын бул машина өзгөчө шектенүүнү туудура берди. Анткени ар күн сайын түн ортосунда дал эле ушул белгилүү бир убакытта пайда болот да акырын жыла көчөлөрдү кыдыра баштайт. Ар бир түндөсү жүргөн машиналардын номерин, маркасын, убактысын жазып жүргөн милициянын капитаны Кайып менен ага сержанты Кубан экөө күндө анын кайсыл маалда, кайсы багытта жүргөнүн кагазга түшүрүп алып жатышты. Жакын жолошпой дайыма алысган акмалап жүрүштү. Шек алып калбасын үчүн машинанын сыртынан бир эмес кезек менен эки-үч машина алыстан акмалашчу. Баарынан таң калычтуу нерсеси, канчалык анын артынан аңдып, акмалабасын кандайдыр бир убакытта өзүнөн өзү туруп эле көздөн кайым болуп кетчү. Бул шектүү машинанын каякка жоголуп кеткенин бардыгы жер сыйпадап таппай калышчу. Ушундай көрүнүш бир канча жолу кайталанганда вируска каршы күрөшүү тобу менен ички иштер министрлигинин кылмыш-иликтөө тобунун жетекчилери өздөрүнчө жашыруун жыйын уюштурушуп бул машина эмне болгон машина, каяктан пайда болуп, каякка жоголуп кетип жатат, түн ортосунда дайыма эмнеге кыдырып жүрөт тактамай болушту.
 - Ал жүргөн көчөлөргө видеокамера койсокпу, балким, анын каякка жоголуп кеткенин запись кылып тартып калаар..? 
- Ооба, бу деле жакшы идея. 
- Балким, жупуну, көчөдө жүргөн "бомждордун" кийимин кийинип алып ошол машинанын жанынан өтпөйлүбү? Же болбосо мас киши болуп темтеңдеп анын көзүнчө стакан, бөтөлкө кармап, эч жакка көңүл бурбай билмексен боло ошол машинага жакындап көрбөйлүбү, балким, бир нерсе билинип, аныкталып калар? 
- Бул да жакшы идея, эң башкысы, машина каяктан пайда болуп, кайра каякка жоголуп кетип атат, булар түнкүсүн эмне иштер менен алектенип жатышат, мына ошону аныкташыбыз абзел.
- А балким, бул жөн эле машинедир? 
- Жөн эле машина түнкүсүн көчөдөн-көчө кыдырып саякат жасабайт. 
- А балким, машинада вирус жугузуп алган адамдардыр?
- Андай болушу да мүмкүн, дегеле бул машина эмне машина экенин аныктайлычы, дайыма түн ортосунда эмне саякат жасап жүрөт? 
- Дегинкиси, өзүңөр да сак, анан кыраакы болгула. Тигилер артынан акмалап байкоо жүргүзүп жатканын билип же шектенип калышпасын. Өтө эле кылдат, анан аяр мамиле жасагыла, жаңыдыштык кетирип ишти бүлдүрүп албагыла! Ошо күндөн баштап бул машинага өзгөчө көңүл бурула баштады, Машинанын номери күндө өзгөрүлүп жаңы номер тагылып жатканын дагы аныкташты. Демек, бул жөн машина эмес, шектүү машина. Бир күнү ушундай бир окуяга күбө болушту. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринен төрт адам чыгышкан, сыягы, коноктон чыгышса керек. Баары тең бир топ кызуу экен, алар өз ара бакылдаша ары жакта турган машиналарьш карай кетип баратышкан, белгисиз, өзүнөн өзү жок болуп кетишти. Артынан аңдып келишип эле жер сыйпалап таппай калышты. 
- Булар эмне бөтөн планеталыктарбы, кандайча биздин көзүбүздү байлап жок болуп кетип жатышат? 
Анын артынан акмалап келип улам жогото берип тажашкан соң, ал жүргөн ар бир көчөгө байкоочу камераларды тагууга мажбур болушту. Дагы бир таң калычтуу маселе пайда болду, эртеси күнү карашса бир дагы камера ордунда жок, же болбосо быт-чыты чыгып талкаланган,
- Деги эмне болуп жатат, алар кайдан билишти, кайсы жерде кандай камера бар экенин? Атүгүл бир дагы камераны калтырбаптыр. Сындырчысын сындырып, сындырбаганын өздөрү менен кошо ала кетиптир. Дегеле булар эмне болгон табышмактуу адамдар? Анын сыртынан аңдыгандардын баштары катып жатты. Алар күтүлбөгөн жерден дагы бир окуяга туш болушту. Түн бир оокумда ата-энеси эки кызы, баласы менен көчөдө кетип баратышкан. Алардын жанында алиги машина пайда болду да жай айдаган боюнча өтүп кетти. Заматтын ортосунда көчөдө бейкапар басып келатышкан төртөө тең көздөн кайым болуп кетишти. 
- Мына төртөө тең жок болуп калышты, демек, аларды да алиги машина алып кетти. Ичиндегилер ушунчалык шамдагайлык, тездик менен кыймылдашкандыктан тигилердин эстерин оодарыша, дароо машинага салып кетишти, атүгүл машина токтогон да жок, Көрдүңөрбү, машинада өтө эле профессионал адамдар иштешет. Эгер алар бөтөн планеталыктар болбосо, кадимки эле биз сьшктуу адамдар болсо, аларды акыры жүрүп кармайбыз. Өздөрүнүн ким экенин видеокамерага тарттырбай, билгизбей жатышпайбы. Камераларды канчальж жашыруун жерге билгизбей таксак дагы жок кылып жиберип жатышат. Кызык, кандайча аларга бул маалымат жетип жатат? Акыркы мезгилде калаа ичинде вирустун жаңы түрү таркады. Бул вирус менен ооруган адам колуна шиш башы учтуу нерсе же бычак алып алдынан чыккан адамдарды ким экенин ылгабай мууздап өлтүрө баштады, Ал оорулуу жалаң эле адамды эмес кандай гана жан-жаныбарды болбосун кол салып өлтүрүүгө даяр. Ошо себептен бардык көчөлөрдө жагымсыз, кандуу окуялар көбөйүп кетти. Вируска каршы иштеп жаткан саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери буга каршы антивирусту ойлоп табууга аракет кылып, бирок эч кандай майнап чыгара албай жатышты. Кийинки күндөрү жалаң вирус оорусу менен ооруп өлгөндөрдүн саны өтө кескин түрдө көбөйүп кетти. Мындай көрүнүш калаа ичинин тургундарын катуу убайымга салып, дүрбөлөңгө түшүрүп жатты, "Канткенде бул коркунучтуу вирус оорусун токтото алабыз, канткенде вируска каршы антивирусту табабыз, канткенде өлкөбүздө болуп жаткан ызы-чууну токтотуп, кандайча жол менен адам өмүрүн сактап калабыз?" акыркы мезгилде бирден бир көйгөйлүү башты пптткан маселе ушул гана болуп турду.
Уландысы бар

Булак: NazarNews.kg

Последние новости