www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин доору жүрүп турганда, азуусу айга жанган, түкүрүгү жерге түшпөй, мамлекеттик маанилүү маселелерди көшөгө артында чечип, таасири арткан “шоопур” каймана аткан конгон Икрам Илмиянов деген бар эле. Кийин Сооронбай Жээнбеков бийликтин эки тизгин бир чылбырын алганда да ошол таасири кемиген жок.
Бирок ошол кезде Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда тиреш жаралып, касташкан душманга айланышканда, айтылуу “Шоопур” бийиктикке жеткирген “шефинен” кол үзүп, куйругун чатына кысып, акырын жыла басып четке чыга берген. Атамбаевдин башына оор күн түшкөндө терс бурулуп кеткен жоругу, анын адамдык сапаты анчейин эместигин айгинеледи.
Анан Жээнбеков дагы алдындагы ашына ээ боло албай тактыдан кулады. Эми жаңы бийлик Икрамдын өткөн-кеткен өзүм билемдиктерине укуктук баа берип, эсине келтирсе керек дегендер көп болду. Өкүнүчтүүсү, кылмыш иши козголгон менен, кармалды, камалды деген сыяктуу формалдуу көрүнүштөр аркылуу эл көзүнө чаң чачкандай манипулияция жасалып, кар жаады, из басты болду.
Дегенибиз, Илмиянов камалды дегени болбосо тез эле эркиндикке чыгып кетти. Натыйжада уча жеп, Эдил Байсалов айткандай кылы кыйшайбай бизнесин өркүндөтүп шапар тээп жүрөт. Эл анын “кустурузация” операциясынан өттүбү деп, шыбырашкандар жок эмес.
Баса, деги эле бийликте турганда кошоматчылардын отряды пайда боло калып, бийликтен кеткенде көпчүлүктүн көлөкөлөрү көрүнбөй кеткендери таң калычтуу. Эмне болсо дагы жараткан пендесин онтоткон оорудан, эки жүздүү кошоматчылардан сактасын.