www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Кеңешбек Сайназаров, Коррупцияны чындап азайтуу үчүн үч негизги багытты колго алуу керек деген пикирин NazarNewsка билдирди. 

— Азыркы учурда коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат. Бирок ошол эле учурда бул көрүнүш тыйылбай келет. Сиздин оюңузча, аны кантип тамырынан кыркып, азайтууга болот?

— Бул абдан оор суроо жана чоң маселе. Коррупцияны чындап азайтуу үчүн үч негизги багытты колго алуу керек деп ойлойм.

Биринчиден, бул көрүнүш менен жөн гана тыюу салуу, айып салуу, камакка алуу, коркутуу-үркүтүү аркылуу эмес, тескерисинче, ниетти оңдоо, стимулдаштыруу жана мотивдештирүү аркылуу күрөшүү зарыл. Эгер адам туура жолдо жүрүүгө кызыкдар болсо, анда ал мыйзамды бузбоого аракет кылат.

Экинчиден, ачыктык жана жоопкерчилик маанилүү. Кабыл алынган ар бир чечимдин критерийлери алдын ала белгилүү болуп, баалоо процесси ачык өтсө, коррупцияга шарт азаят. Транспаренттүүлүк бул эң натыйжалуу профилактика.

Үчүнчүдөн, коом ичинде агартуучулук иштерин жүргүзүү зарыл. Эл арасында жакшы иштерди, таза жана ийгиликтүү адамдарды үлгү катары көрсөтүү — чоң таасир берет. “Ийгиликтин тарыхы” формасындагы позитивдүү мисалдар элди жакшы нукка үндөйт, - жарандык активист.

Жамиля Мыктыбек кызы

Последние новости