www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпагандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштоодо.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт.

Икрамов шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп жатканына тынчсызданууда. Ал Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өткөн шайлоону мисал келтирген. Анда 15,4 миллион сом сарпталып, бирок 124,9 миң адамдын 17 пайызы гана катышкан.

Икрамов Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себепсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар экенин белгиледи.

Ал ошондой эле шайлоочулардын активдүү болбой жатканы Конституцияда бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана каражаттын негизсиз сарпталышына алып келерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости