www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядан Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу сезилээрлик деңгээлде азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу которулган каражаты тууралуу болуп жатат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрель айынан тарта Кыргызстанга келип түшкөн акча кескин көбөйгөн, тагыраагы, июль менен августта 300 миллион долларды (рекорддук көрсөткүч) түзгөн. Анын 90 пайыздан ашыгы Россиядан которулганы белгилүү болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын алгачкы беш айында 1 миллиард 30,3 миллион доллар которулган (981 миллион доллары РФтен). Ал эми быйыл январь-майда дээрлик 798 миллион доллар (722,8 миллиону Россиядан) келип түшкөн.
Төмөндө Россиядан жыл башындагы беш айда которулган каражаттын суммасы жана кашаанын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүч берилди:
январь - 131,5 миллион доллар (40,4 миллион долларга аз);
февраль — 137,3 миллион (44,8 миллионго аз);
март - 151,7 миллион (12,1 миллионго көп);
апрель - 141,7 миллион (100,6 миллионго аз);
май - 160,5 миллион (85,1 миллионго аз).
Белгилей кетсек, каражат ар кандай валюта менен которулат, бирок доллар менен көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg