www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылыкка жана сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды атууга каршы көзөмөл күчөтүлүп, ыкчам рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз аткан учурларда ири өлчөмдө айып пул каралган. Атап айтканда:

  • Илбирс — 2 млн сом;

  • Аркар-кулжа, марал, күрөң аюу, жейрен — 1,5 млн сом;

  • Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн — 50 миң сом;

  • Ортоазиялык кундуз, Мензбир сууру — 20 миң сом.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аңчылыктын айрым фактылары боюнча административдик жоопкерчилик менен катар жаратылышка келтирилген зыянды өндүрүү боюнча доолор да коюлууда.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айыл аймагынын «Кашка-Суу» жайлоосунда бир баш тоо текеси мыйзамсыз атылганы аныкталган.

Бул факты боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык укук бузуучуга 12 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган. Ошондой эле жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.

Тиешелүү материалдар мыйзам чегинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Министрлик жаратылышты коргоо, жапайы жаныбарлардын санын сактоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү багытындагы иш-чараларды мындан ары да улантарын белгилейт.

Последние новости