www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы республикалык ишембилик өтүп, ага 168 миңден ашуун адам катышты. Ишембиликтин жыйынтыгында өлкө боюнча 3 миң тоннага жакын таштанды чыгарылып, 3 миң 600 гектар жер тазаланды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери да ишембиликке активдүү катышып, Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында тазалык иштерин жүргүзүштү.

Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери, ишкерлер, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, коомдук уюмдар, жаштар жана башка жарандар катышты.

Улуттук тазалык күнү 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөнүн тазалыгына коомчулуктун көңүлүн буруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу.

Последние новости