www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржиев маалымат жыйында суроолорго жооп берди.

Жыйын учурунда эл тарабынан келген суроолор узатылып, жооп алынды.

"Мен Ала-Букада обсервацияда жаткан дарыгермин. Райондук оорукананын жетекчисин кызматтан алган туура болду. Бизге эч кандай коргоочу каражаттарды бербей, анын айынан 5 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Кечээ Бишкектен келген комиссия обсервацияда жаткандардын пикирин уккан жок. Ал эми мурунку жетекчи аларды кой союп сыйлаптыр. Биз апрель айында нөөмөт тапшырып, анализ тапшырганбыз. Азыркыга чейин анализдерибиздин жыйынтыгын айтыша элек. Кабар алган да киши жок", - деген арыз түшкөн.

Аталган суроого Боржиев: "Жетекчинин кызматтан кетүүсү боюнча учурда кызматтык иликтөөлөр жүрүп жатат. Ал жакка эл аралык деңгээлдеги күчтүү адистер, инфекционист, эпидемиологдор кеткен. Алардын корутундулары тууралуу бизде маалымат жок. Корутундулар тиешелүү министрликтин көзөмөлүндө. Эгер сиздин далилиңиз бар болсо, ал боюнча мыйзам чегинде иш-чаралар жүргүзүлөт", - деген жообун узаткан.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости