www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы коронавирусту жуктуруп алгандардын арасындагы өлүмдүн саны КМШ өлкөлөрүндө, Украинада жана Грузияда дүйнө жүзүнө караганда беш эсе төмөн. Учурда бул илдетке чалдыккандардын саны 18,5 миңден ашуун, ал эми жабыркагандар арасында өлүмдүн деңгээли 1,13%, ал эми дүйнө жүзү боюнча 6,1%ды түзүүдө. Бул тууралуу centralasia.media билдирди.

КМШ боюнча илдет эң көп жуккан өлкө- Россия (10 131 адам). Андан кийинки орунда Беларуссия - 1 486, Молдова - 1 289, Азербайжан - 926, Армения - 921, Казакстан - 781, Өзбекстан - 582 жана Кыргызстан - 280.

Украинада, акыркы маалыматтар боюнча, инфекциянын 1 892 учуру катталса, Грузияда - 218. Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда жана Түркмөнстанда жаңы коронавирус менен жуккан учурлар болгон эмес, -деп билдирет ТАСС.
Ооруга чалдыккандардын саны 5 миңден ашкан өлкөлөрдө, Францияда өлүмдүн эң жогорку деңгээли - 14,14%, Италияда - 12,73%, Улуу Британияда - 12,26%, Нидерландия - 11,01%, Бельгия - 10,1%, Испания - 10%, Швеция - 8,68%, Иран - 6,21% жана Бразилия - 5,27%.

Дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн ичинен дартты жуктуруунун дээрлик үчтөн бири катталган АКШда өлүмдүн деңгээли 3,56% ды түзөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпысынан 1, 6 миллион адам жаңы коронавирусту жуктуруп, 95 миңден ашуун адам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости