www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 15-апрель күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Акрам Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары,  милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевтердин жетекчилиги астында, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик мекеме-уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында, Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүнүн узаргандыгына байланыштуу, COVID-19 илдетин жоюу жана таркалып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча аткарыла турган иш-чаралар талкууланды.

Тийиштүү органдарга өз милдеттери туурасында тапшырмалар коюлду. Өзгөчө абал узаргандыгына байланыштуу калкты азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, калкты тейлөөчү мекеме-уюмдардын имараттарын, банктардагы ачка алуучу жабдыктар орнотулган жайларды, оору чыккан аймактардагы турак-жайларга санитардык-карантиндик талаптардын негизинде тынымсыз дезинфекциялоо иштерин жандандыруу талаптары коюлду. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылып, коменданттык сааттын убактысы кечки саат 21:00дөн тартып эрте мененки саат 06:00гө чейин белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости