www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Украинанын аймактык бүтүндүгүн Бакы колдоорун билдирди. Ал бул тууралуу 29-апрелде "Түштүк Кавказ: өнүгүү жана кызматташуу" деп аталган эл аралык конференцияда айтты.

"Биз башка мамлекеттердей эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдорубузду ачык айтабыз, эшиктин артында жашырынбайбыз. Ооба, биз Орусия менен жакшы алакада экенибизди четке какпайбыз. Эл аралык укук принциптери саясий үстөмдүктүн себебинен бурмаланбашы керек",-деди Алиев.

Быйыл февралда Алиев Москвада орус лидери Владимир Путин менен эки өлкөнүн союздук кызматташуу тууралуу декларациясына кол койгон. Орусиянын өнөктөштөрүнүн ичинен Беларустан башка бир дагы мамлекет Москванын Украинага кол салышын колдорун ачык жарыялаган жок. Кыргызстан бул маселеде бейтарап экенин билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости