www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Бейшенбек Бекешов, кыргыздын улуттук каада-салтын, наркын бекем кармаган белгилүү журналисттердин бири болгон. Өткөндөрдү эскерүү тирүүлөрдүн парзы эмеспи. Мындан ары маркум, Бейшенбек Бекешовдун маектерин NazarNews маалымат агенттигине чыгарып туруунун чечтик.
Улууну сыйла, кичүүдөн иймен деген нарк. Ушу эки эрежени бирдей кармаган адамдын өзү улуунун ийменүүсүнө, кичүүнүн сыйына татыктуу болот; бирок сен аларды бирөөдөн күтпө, өзүң болсо жасай бер; урмат менен сый кишиден кайтпаса Кудайдан кайтам деген нарк.
Сыргак Сооронкулов - Санжырачы: Улууга - урмат, кичүүгө - ызаат деген улуу менен кичүүнү байланыштырган чоң салт, эреже. Улууну урматтоо кыргыздын кагазга эмес, жүрөгүнө жазылып калган каада салттарынын бири.
Улуулар кааданы көрөм кичүүдөн десе өзү даяр болушу керек, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, кылган иши туура-туура эмеспи, ичтен бир кайталап жүрсө көбурөөк урмат-сыйга ээ болот. Өзүңдү урматтай турган жаштарды да жакшылап алып жүрүп, ошолорго улуу экениң билгизип, кагып-силкпей, нары түртпөй-бери түртпөй алып жүрсө кичүүлөр үйрөнө берет деп ойлойм.
Азыр сексенге келдим. Анын отуз жылын эл башкардым. Ошончо убакыт ичинде ар кимдин сөзүнө жараша сөз айтып, ишине жараша мамиле жасап жүрүп көп эле олдоксондук кетирдим деп ойлойм. Эми ошолордон кайрылып бир кечирим сурасам деп ойлогон менен кол жетпейт.
Жаштарга айтаарым: башынан этият болгула, бирөөнун көңүлүн оорутпай. Биздин заманыбыз да ошондой болуп калды. Ишти аткарбагандарды кызматтан кетирип, же башка жазаларды жасаганга укуктарды берип, биз ошол укуктарды пайдаландык.
Ошентсе да мен өзүм мамилелешкен жаштардан улгайганда урматтабай койгон бир да катуу сөз укканым жок. Бир башкы бухгалтерим бир копол сүйлөп алган экен, эки жылдан кийин келип бир кечирим сурады, беш жылдан кийин келип бир кечирим сурады.
Кечирбедим беле десем деле болбойт. Мындай кичүүдөн айланса да болот кополдуктун баары жаш кезде кетет экен, этият болбосоң улгайганда деле кетип калат экен.
Азыркы коррупция дегендин башы коммунисттик партия деген ажыдаардын заманында жаралды Москвага чейин коробка ташып. Менин курбалдаштарым ошого аралашты. Анан арак деген пайда болду. Адамдын акылын да кемитет экен.
Мына ушулар улууга - урмам, кичүүгө - ызаат дегендин кедерин кетирди. Коррупция менен аракты биз менен кошо көмүп койсоңор, жаштар, кыргыздын ушундай нарктары кайра эле келип өз ордуна туруп калат.
Орозбек Молалиев - саясат таануучу: Улууга - урмат, кичүүгө - ызаат деген кийинки кезде азайып эле калды. Айылдарда сакталбаса шаар жеринде чанда гана болуп калды. Мисалы, Нижне-Серафимовка деген жердеги кары-картаңдар үйүнө барсаңар жалаң эле кыргыздын чал кемпири болуп калды.
Заман ушундай болуп калды деген эң туура эмес жооп. Кыргыз мындан жаман замандарда деле карыларын ошентип кордогон эмес. Ушунун баары Сыргак аба айткандай арактын көп ичилгенинен, башкалар деле ушинтип атпайбы деп өз салтыбызды жоготкондон болуп жатат. Эң башкысы ыйман кеткенден болуп жатат.
Ошентсе да оозубузду куу чөп менен аачыбайлы, ыймандуу жаштарыбыз деле толтура. Мисалы, коомдук транспортто орустун чал кемпирлери орундукта олтурган кыргыз жаштарынын жанына барып турушат. Себеби тигилер орун бошотуп берет...
Бейшенбек Бекешов: Илгери мага Москвада окуу тагдыры буюруп калды эле. Анда коомдук транспорттун түрү көп. Метросу бар, трамвайы бар, автобусу бар дегендей. Кары-картаңдар келгенде орун бошотуп берсең бирөө да рахмат айтпайт. Бирөө да.
Көрсө ал жерде эч ким эч кимге орун бошотуп бербейт экен. Транспорттон түшүп калаар киши гана ордунан турат экен. Сени да ошентти деп ойлоп, рахмат айтмак турсун жүзүңдү карап да койбойт. Ошондон кийин биз да орун бошотпой калдык. Анда жашыраак, студент кез эле. А бизде рахмат айтпаган карыя карыябы?
Бекташ Шамшиев - журналист: Капиталисттик дүйнөнүн мыйзамы боюнча баасы чыкса ата-энесин да соодалап жибермей эмеспи. Ал бизге да келбедиби. Баары сатыла баштады. Эң биринчи ыйман сатылып, башка динге киргендер толду.
Анан аталар жана балдар деген маселе бардык мезгилдерде бардык жерде болот эмеспи. Улуу муундун көп нерсеси кичүү муунга жакпайт.
Андан сырткары жапайы капитализм дүжүр чалдар деген нерсени пайда кылып, карыялардын кадырын кетирди. Толгон буга чейин жыйналган баалулуктарга ошол балта чапты.
Аксакалдар институту маани-маңызын жогото баштады. Сыргак аба айткан коррупция алардын заманында жокко эсе болчу. Аны кийинки муун өөрчүттү да. Арам байлык жыйгандар көбөйдү, ошолордун арааны жүрдү, көчөлөргө чейин ошолордун ата-бабаларынын аттары коюлду. Бул Демек, адилетсиздик жоголду деген сез да.
Улууга-урмат, кичүүгө-ызаат деген салтыбызды кайруу үчүн эң биринчи кезекте сөзүбүз менен ишибиз дал келиши керек. Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың дегендей, жаштарды адилеттикке тарбияласак эле баары кайра келет.
Садыбакас Доолов - Диний аалым: Алла-Таалам энеге баласын 2 жашка чейин эмизүүнү буюрган. Маселе сүттө эмес, маселе эненин мээриминде. 2 жыл бою эне перзентине мээримин сиңириш керек. Азыр фигурам бузулат деп 5-6 ай эмизип, же такыр эле эмизбей бөлүп коюп жатышпайбы.
Ошол ата-энелер эртең Серафимовкага барып калса эч таарынбашы керек. Себеби алар балдарына мээримин өткөрө алган эмес. Улууга - урмат, кичүүгө - ызаат деген элдик нарк ошону менен таптакыр жок калат.
Нарк-насил деген бар. Насил деген араб сөзү кыргызга кирип төл сөз болуп калды, уруктан тукумга уланып келаткан нарк, баш мыйзам, адамдык касиетке ээ кылган адеп-ахлак деген сөз. Пайгамбарыбыз ким улууларды сыйлабаса, кичүүлөрдү ызааттабаса ал биздин мусулмандардын катарына кирбесин деген. Улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо мусулманчылыктын бир бурчу.
Пайгамбарыбыз намазга туруп жатканда да менин артыма акылы тетиктер, жашы улуулар турсун, андан кийин кийинки жаштар, андан соң алардан кийинки жаштар турсун деген.
Пайгамбар айткан: "Түшүмдө мен уктаган бөлмөнүн эшиги ачылып эки киши кирди. Мен мисвак менен тишимди тазалап жаттым эле. Ал мисвакты алардын бирөөнө сунсам аркамдан бир үн угулду. Ал Жабраил экен. Ал мисвакты улуулата бер. Сен мисвак берген адам беркисинин баласы деп айтты. Ошентип мен мисвакты улуусуна бердим", - деп. Демек улуулата сыйлоо салт, нарк-насил эле эмес, ал Кудайдын буйругу да болуп эсептелет.
Биз бала кезде аш-тойлорго аксакалдар, карыялар келээр эле ат, эшектерин минип алып. Бизди, балдарды алардын атын алып байлап, кетээрде аткарып узатып коюу үчүн ошол жерге дайындап коюшчу.
Биз муну анча деле түшүнчү эмеспиз эмне минтип жатышат деп. Көрсө кыргыздын мейманды атказуу салты Пайгамбарды Куддуска барганда Жебрейил колтуктап атказганы менен шайкеш болуп турат. Кыргыздын негизги салттарынын бирин да исламдан ажыратып алуу мүмкүн эмес.
Имам Абу-Ханифа бир күнү жаанда мечитке намазга шашып баратат. Артында бир он жашар бала ээрчип баратат дейт. Имам ал балага: “Эй бала, абайла, жыгылсаң үстүн баткак болот", - десе бала айтат дейт: "Мен жыгылсам, мен эле жагылам, эч нерсе эмес, киймимди апам жууп берет. Сиз "Эй, бала!" - дегендей, менин атымды да эч ким билбейт. Сиз абайлаңыз. Аалымдын жыгылганы ааламдын жыгылганы", - деп айтат дейт.
Ошол сыяктуу аксакалдын жыгылганы ошол аксакал жашаган айылдын жыгылышы, аксакалдын адеп ахлактан аксашы ошол айылдын ыйманынын аксашы болуп саналат.
Пайгамбар айткан: "Коомдун эң жаманы анын өзүнөн мурда өтүп кеткен аксакалдарын тилдегени", - деп. Маселе биз тууралуу кийинки муун кандай сөз айтаарында. Уяттуулук менен ыйман ынак жолдош. Бирөө кетсе экинчиси сөзсүз аны ээрчип кетет. Бүгүнкү жаштардын улууларды урматтабай калганы уятынын кеткени.
Сыргак Cооронкулов: Серафимовканы биз өзүбүз жараттык. Эки балалуу болобуз, бири арак ичип кетет, экинчиси чарчап калат. Үч балалуу болобуз, бирөө арак ичип кетет, бирөө өзүн өзү бага албайт, үчүнчүсү дагы бирдеме болот. Анан Серафимовкага барбаганда кайда барабыз.
Аз балалуу болгонго каршы күрөшпөйбүз. Бир мисал айтып берейин. Анда төрт балам, төрт келиним бар. Экиден-үчтөн балалуу болуп эле токтоп калышты. Анан чакырып алып айттым.
Эмнеге келиндер төрөбөй калышты. Менин күчүм барында дагы бирден үйлөнгүлө. Калыңын төлөп эле жакшылап алып берем. Силерге бала керек болбосо мага небере керек.
Мен эмне базардан небере аламбы десем, тултуюп олтуруп кетип калышты. Ошол жылы төрт келиним төрт бала төрөп берди. Ошентип ар бир үйдүн өзүндө да күрөш, аракет болуш керек.
Биз, аксакалдар өлгүчө эл үчүн иштеп беришибиз керек. Себеби биз пенсия алып жатпайбызбы. Биздин аталарыбыз пенсия дегенди билген эмес. Мурда күнү автобуска түшсөм бир төрт кыз кошо түштү төшү башы ачылган жалжаңдап.
Жанымда бир улгайган аял олтурат. Ага карап тиги кыздарга угуза "Биздин кыздарга кыш эле жакшы экен, жарашыктуу кийинип да алат, пальтолору да бар", - деп койдум.
Аял күлүп: "Азыркылар жарашпайбы?" - деп сурайт. Мен айтам: "Азыркылар деле жарашат го, бирок көз тийип кетеби деп корком да", - деп. Тигил аял каткырып күлүп жиберди "Уктуңарбы, кыздар?" - деп.
Кыздар унчуккан жок. Мен түшкөндө тиги аял кошо түшүп: "Ырас эле кылдыңыз. аба", - дейт. Мен да: "Сен да ырас кылдың каткырып берип", - дедим. Жалаң жамандап койгондон эч нерсе чыкпайт. Ушундай тарбиялык иштерди да жасаш керек.
Бейшенбек Бекшов, журналист
Булак: NazarNews.kg