www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул майрам жаратылышка болгон чексиз сүйүүнүн жана бийик урматтын жаркын көрүнүшү, ошондой эле миңдеген жылдар бою сыноодон өткөн жашоо философиясынын толук ишке ашырылышы.

Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделет деп ишенем» — деп айтылат куттуктоодо.

Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай, ишмердигине ийгиликтерди жана дос кыргыз элине тынчтык каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости