www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекеним Кыргызстан” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Ильяс Еркеев, өзү туулуп өскөн эмгеги тууралуу айтып берди.

– Ильяс Марсович, Кара-Көл бир кезде энергетиктер жашаган даңазалуу шаар эле. Анын мындан аркы келечегин сиз эмнеден көрөсүз?

– Баарыбыз билебиз да, Кара-Көл шаары – бул кыргызстандык энергетиктердин жүрөгү болуп эсептелет. Кара-көлдүк жаңы төрөлгөн баладан баштап аксакалдарга чейинки адамдардын келечеги энергетика менен байланыштуу. Жараткандын жардамы менен бизге улуу Токтогул ГЭСи курулуп калыптыр. Анын курулушуна он миңдеген киши, 42 улуттун өкүлү катышкан. Курманбек Арыков, Акбаралы Кабаев, Мамасалы Сабиров сыяктуу улуу инсандарыбыз өз өмүрлөрүн тобокелдике салып, Токтогул ГЭСинин, анын ичинде Кара-Көл шаарынын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылышкан. Токтогул ГЭСинин биринчи директору Болот Иманалиев болгон. Ал киши азыркы күнгө чейин бизге жол көрсөтүп, энергетика, шаарды өнүктүрүү боюнча насааттарын берип турат. Мен бул аксакалдарыбыз менен сыймыктанам. Бүгүнкү күндө биздин партиянын жана менин максаттарыбыздын бири – Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун тез арада улуттук долбоор кылып башташыбыз керек. Ошондо миграцияны токтотсок болот. 8-10 миңге чейин киши жумуш орду менен камсыз болот. Андан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен салыктар жергиликтүү аймактарга, анын ичинде биздин шаарга да түшөт. Ошонун эсебинен шаардын көрктөнүүсүнө чоң салым кошсок болот. Кудай буюруп, Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегаты курулса, 1860 мегаватт болот. Муну менен бизге тышкы карыздардан да толук кутулганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Экинчи маселе, ГЭСтин экинчи агрегатын аягына чыгаруу. Кудай буюрса, бул жакта да миңге жакын киши иштейт. Эмдиги жылы ошону аягына чыгаруу үчүн аракеттерди жасап жатабыз.

– Шаардагы эки кабат жыгач үйлөрдү беш кабаттуу үйлөргө алмаштыруу боюнча жакшы демилге көтөрдүңүз эле. Ал пландарыңыз канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

– Шаар жаңыдан курулганда эки кабаттуу жыгач үйлөр салынып калган. Бул убактылуу курулган үйлөр болчу. Ошол маалда шаарда 40 миңдей киши жашаган экен. Жыгач үйлөрдүн ордуна кирпич үйлөр тургузулмак экен, тилекке каршы, Союз ыдырап, ал план ишке ашпай калыптыр. Азыр жаштарыбыздын көбүнүн үйү жок. Кара-Көл болсо жери чектелүү шаар, жер маселеси өтө оор. Ошондуктан өсүп келе жаткан профессионал энергетиктерибизди, мугалимдерибизди, врачтарыбызды үй менен камсыз кылуу максатында эки кабаттуу жыгач үйлөрдүн ордуна беш кабаттуу кирпич үйлөрдү курушубуз керек. Бул үчүн каражат керек.

Маселени чечүүнүн эки жолу бар. 2012-жылы мен мэр болуп турганда бир жыл чуркап, электр иштетүүдөн алынчу салыктын бир пайызын бөлдүргөм. Тилеке каршы, кийин үч жылдай бөлөк жакта иштеп калдым. Үч жылдын ичинде Кара-Көлгө эбегейсиз акча түштү. 2016-жылы апрель айында ал салыктар бизге түшпөй, кайра республикалык бюджетке кете баштады. Эми биздин милдет ошол бир пайызды кайра Кара-Көлгө бурушубуз керек. Жергиликтүү боюджетке 90 миллионго чейин акча түшөт. Эгер ал максат ишке ашса, ошонун эсебинен көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. Андан тышкары, мен жогоруда айткандай, Камабар-Ата-1 ГЭСи да курулуп калса, андан да бизге акча түшөт. Анын эсебинен шаардагы турак жай жана башка маселелерди чечсек болот.

– Шаардагы мечиттин курулушуна 10 миллион сом жардам көрсөткөнүңүздү билебиз. Дагы кандай кайрымдуулук иштерин жасап жатасыз?

– Ооба, шаарда медресе, ажатакана, гусулкана, аллеясы менен үч кабаттуу чоң мечит курулду. Бизде 33 миллион сомдук долбоор бар болчу. Ага арабдар 8 миллион сомдон ашын жардам көрсөтүштү. Жергиликтүү эл 2 миллиондой чогултуп берди. Мен да өз техникаларым менен салымымды коштум. Суммасын айтпай эле коёюн, мындай нерселерди Алланын ыраазычылыгы үчүн айтпай жасаш керек. Тек гана гезиттер, интернет булактары жазып жибергени үчүн жарыя болуп кетти. Мен мындай мечитти Бишкекке, өз көчөмө да куруп, атамдын атын койгонбуз. Кара-Көлдөгү мечит шаардык жылууландыруу системасына кошулган Кыргызстандагы жападан-жалгыз мечит. Ага ыраматылык Чубак ажы да баа берип кеткен. 5 миң орундуу бул мечит менин демилгем менен курулду. Кудай оозума салган экен, Айт намазда шаар тургундарын куттуктап жатып “биз, кара-көлдүктөр, бир мечит кура албайбызбы?” деп айтып алдым. Ошондон кийин иш башталды. 2019-жылы 4-октябрда котлованы казылып, 5-октябрда курулуш башталды. Биз бул мечитибиз менен сыймыктанабыз. Андан тышкары карапайым элге аябай көп жардам бердим. Анализ кылып көрсөм, ар кандай маселелер боюнча иштегенден бери 2-3 миңге жакын кишиге жардам бериптирмин. Шаардын инфракструктурасын көтөрдүм. Муну каракөлдүктөрдүн баары билет. Эзели суу чыкпаган жерлерге таза суу чыгып, көчөлөргө асфальт төшөлдү. Шаарга салым болсун деп ГЭСтин макетин койдук. Бул да менин демилгем менен ишке ашты. Алла Таалам, карапайым эл колдогону үчүн 3-ирет мэр болуп иштеп жатам. Эми депутаттыкка глобалдуу чоң -чоң маселелерди чечиш үчүн баратам. Колум жетпей жаткан көп көйгөйлөр бар, партиянын жардамы, элдин колдоосу менен ошолорду чечсем дейм.

– Шайлоочуларга каалооңуз?

– Эң биринчи кезекте ар бир үй-бүлөгө ден соолук, аманчылык каалайм. Башыбыздан аябай чоң сыноолорду өткөрдүк. Аманчылык бардыгын жеңет дегендей, баарыбыз аман бололу. Кара-Көл эли, бардыгыңыздарга рахмат, ийилип таазим кылам! Балабыз деп мага күч-кубат берип, колдоп турганыңыздар мен үчүн эң чоң сыймык. Бардыгыбыз бул дүйнөгө жылаңач келгенбиз, кайра эле жылаңач кетебиз. Менин эң негизги сыймыгым, дөөлөтүм бул – элге кызмат кылуу. Себеби, атам да, чоң атам да элдин кишилери болгон. Мен да элдин баласы болуп, элдин эсинде калгым келет. Мекенчил жигитиңер өсүп келе жатат, аны колдоп берүүңүздөрдү баарыңыздардан суранып кетем.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости