www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия аскерий кампаниясынын алгачкы болүгүндө утулду жана Киевди басып алууга анын куралы да, адам күчү да жетишсиз. Бул тууралуу New York Times жазат. Украинадагы согуш үч жумадан ашык кармаштан кийин туңгуюкка кептелип, америкалык аналитиктер менен расмий өкүлдөрдүн айтымында, Орусия аз гана утушка ээ болуп, жайкын тургундарды бутага алуусун күчөттү.
Вашингтондо жайгашкан Согушту изилдөө институту өз талдоосунда: «Украина күчтөрү бул согуштун алгачкы кампаниясында Орусияны талкалады», - деп билдирди. Иликтөө орустардын баш калаа Киевди жана Харьков менен Одесса өңдүү ири шаарларды басып алууга адам күчү да, куралы да жок деген тыянакка келген.
АКШнын коргоо министри Ллойд Дж. Остин III Америка Кошмо Штаттары Орусия Одессаны же түштүктөгү башка шаарларды «кыска мөөнөттө» басып алууга аракет кылууну пландап жатканынан эч кандай белги көрбөй жатканын билдирди.
Остин мырзанын айтымында, Орусиянын акыркы жетишкендиктери, негизинен, карапайым калкты бутага алган «ырайымсыз, жапайы ыкмалар» менен коштолгон. Орус армиясы стратегиялык деп саналган порт-шаар Мариуполду муунтууга аракет кылганда да, айыгышкан көчө салгылашуулары көп убакытка уланат жана көптөгөн жоготууларга калып келет.
Бирок туңгуюк кан төгүүнү токтотуу дегенди билдирбейт. Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үмүтү менен Орусиянын президенти Владимир Путинди түз сүйлөшүүгө бир нече жолу чакырды.
Жакында Путин менен Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүнө катышкан түркиялык жогорку даражалуу аткаминердин айтымында, Путин сүйлөшүүгө убакыт келгенине ишенбейт.
Путин Украинаны моюн сунууга аргасыз кылууну чечкендиктен, Орусиянын баштапкы максаттарына жетпегени согуштун мындан да кандуу этабы эми ири масштабдагы жоготуулар менен коштолушу мүмкүн.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg