www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөткө караштуу Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кеңештин курамына илим, экономика жана инновациялар тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

"Жолугушууда илимдин натыйжалуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери жана механизмдери, ошондой эле илим жана инновациялар жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон кадамдар боюнча маалымат угулду. Кеңештин мүчөлөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө ата мекендик илимдин салымы жетишсиз экендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жыйынтыгында илимди өнүктүрүүгө болгон мамилени жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлер айтылып, буга байланыштуу тиешелүү чечим долбоору түзүлгөн.

Мындан тышкары, жакынкы арада министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында кеңештин жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости