www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Кальчинов: «Чоподон салынган үй кышында жылуу болот»

Нурлан Кальчинов чоподон жана самандан үй курат. Ал бизге мындай үйлөрдүн ден соолукка пайдалуулугун айтып берди.

-- Эмне үчүн чопо менен саман?

-- Чопо камыр сыяктуу жылуу, ийкемдүү жана жагымдуу. Чопо – колкапсыз иштей турган жападан жалгыз курулуш материалы, анткени ал колду жеп салбайт. Курамы жана микроэлементтери боюнча саман ден соолукка абдан пайдалуу жана жагымдуу жыты бар. Чопо, кум, саман – мунун баары табигый таза материалдар.

Мындан тышкары, чопо жылуулукту абдан жакшы топтойт жана аны өтө жай коё берет. Жайкысын чоподон жасалган үйдүн дубалдары +20 градуска чейин ысып, суук түшкөндө кирпичтен же бетон дубалдан курулган имараттардай дароо муздабайт.

Жылуулук бир нече айга чейин кармалышы мүмкүн. Чопо жылуулуктун изолятору, бул мурдатан эле белгилүү, ошондуктан колдонушат. Эффективдүүлүгү жагынан чопо дагы деле баа жеткис курулуш материал болуп саналат.

-- Өзүңүз чоподон салынган үйдө жашайсызбы?

-- Ооба, мен чопо менен самандан салынган үйүмдө 7-8 жылдан бери жашайм. Бул технологияны башкаларга сунуш кылуудан мурун үйлөрдү өзүбүзгө курууну чечкенбиз. Менин үйүмдүн жарымы чопо, жарымы саман.

Даяр түктөрдөн салабыз. Досум үйүн толугу менен самандан курду, мен болсо жарымын гана самандан салгам, бирок толугу менен самандан курсам болмок экен. Анткени саман – жылуулуктун эң жакшы изолятору.

Бул жагынан алганда, саман идеалдуу вариант болуп саналат, өндүрүш үчүн эч кандай зыяндуу технологиялар колдонулбаган кошумча продукт. Биз акчаны үнөмдөө менен ресурстарды сарамжалдадык. Себеби, бардык башка кымбат баалуу курулуш материалдардын курамы анча таза эмес.

-- Үйлөрдү өзүңүз курасызбы?

-- Биз үйлөрдү чопо, кум, акиташ, саман, жыгачтан салабыз. Албетте, бул үйлөрдү шыбап, ремонттоп, туш кагаздарды чаптап койсо болот. Бирок анын эмне кереги бар? Биздин ата-бабалар илгертен муну туура пайдаланып келген.

Мурда айылдарда ылай менен саманды аралаштырып эле үй куруп коюшчу. Эгер сиз өзүңүздүн ден соолугуңузду ойлосоңуз, бара-бараайланаңыздагылардын, жаратылыштын, шаардын саламаттыгы жөнүндө кабатыр боло баштайсыз.

-- Самандан жасалган үйдүн баасы арзанбы?

-- Ооба, анткени бир түк самандын баасы 60 сом турат. Менин үйүмө 40 түк саман, б.а., 2400 сом кетти. Негизги чыгымдар жумушчулардын эмгегине сарпталат, буларды колдонуу менен сиз курулуш материалдарын жана убакытты үнөмдөйсүз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости