www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында тапанчадан ок чыгарган жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 121-беренеси (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталды.

«Милиция кызматкерлери видеодогу жигитти бүгүн, 24-ноябрда РИИБге алып барышты. Видеодогу жигит 2002-жылы туулган Р.Б. экени аныкталды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарга жаш жигиттин тапанчадан ок чыгарган видеосу тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости