www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан

"Талибан"* өкмөтүн таануу маселеси күн тартибинде жок. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков билдирди.

Ал бүгүн "Афганистандын жаңы реалдуулугу: Борбор Азия менен Россия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деп аталган кыргыз-орус конференциясында сүйлөдү.

Масадыков "Талибан" өкмөтүн таануу маселеси татаал экенин, аны көптөгөн өлкөлөр талкуулап жатканын айтты.

"Расмий статусун тааныбай туруп байланышуу, консультация жүргүзүү, жүк жеткирүү, жардам берүү кыйын, бирок азырынча буга мүмкүнчүлүк болууда. Биз таанууну каалайбыз деп айтуудан алыспыз. Мындай позицияны көптөгөн өлкөлөр карманып жатат деп ойлойм.

Маселе эртеби-кечпи талкууланып, чечим кабыл алынат. Азырынча биздин позиция — афган өкмөтүн таануу маселеси күн тартибинде жок, аны талкуулабайбыз", — деди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Ошондой эле ал талибдердин өкүлдөрү соңку жылдары дээрлик бардык өкмөт менен сүйлөшкөнүн кошумчалады.

"Талибан"* — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости