www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер жана блогер Илим Карыпбеков Кыргызстанда Кытайга каршы коомдук маанай күчөп баратканы тууралуу билдирүү жасап, бул маселеге бийлик көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Ал социалдык тармактагы баракчасында акыркы окуялар коомчулуктун нааразычылыгын күчөтүп жатканын айтып, жарандар чет элдиктердин мыйзам бузган учурларына өз алдынча тыкыр көзөмөл жүргүзүп жатканын жазды.

Анын айтымында, эгерде жакын арада коомчулукка көрүнгөн стратегиялык чечимдер кабыл алынбаса, кырдаал мындан ары курчушу мүмкүн.

Ошондой эле Карыпбеков Нарын, Ысык-Көл жана Манас райондорунда чет элдик жарандардын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу окуялар катталганын белгилеп, мындай учурларда мыйзам чегинде катуу чара көрүү зарылдыгын билдирди.

Анын пикиринде, мыйзам бузган чет элдик жарандарды депортациялап, алар иштеген компанияларга ири өлчөмдө айып пул салуу тартипти камсыздоого жардам берет.

Мындан тышкары, блогер коомчулукту чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, бардык аракеттер мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Последние новости