www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул программа тууралуу бүткүл Түркия 2016-жылдын 15-июлунда, ишке ашпай калган төңкөрүш аракети учурунда кабардар болду.
Бул Фетуллахчы террордук уюмдун (ФЕТӨ) мүчөлөрү тарабынан төңкөрүш аракети жана башка пландар үчүн колдонулган негизги шифрленген байланыш тармагы экени ортго чыкты. Уюм бардык жашыруун иш-аракеттери үчүн ушул билдирүү тиркемеси аркылуу байланышып турган.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка ылайык, ByLock аныкталгандан кийин кызыктуусу, тиркемедеги ФЕТӨ мүчөлөрүнө берилген идентификациялык номерлер болгон. Уюмдун мүчөлөрү тиркемеде аттары менен эмес, аларга берилген номерлер менен көрсөтүлгөнү аныкталган.
Бирден башталган идентификациялык номерлер уюмдагы адамдардын маанисин жана кызмат ордун көрсөткөн. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, идентификациялык номерлердин жалпы саны 215 000ден ашкан.
ФЕТОнун эң негизгилери биринчи миңдин ичинде
ByLock идентификациялык номерлери текшерилгенде, тиркеме башында жашыруун мүчөлөр, уюмдун жогорку даражалуу мүчөлөрү жана маанилүү инсандар арасында колдонулганы аныкталган. Кийинчерээк уюм ByLockту колдонууну өзүнүн базасына ачкан.
IDлери текшерилгенде биринчи 100дө турган ысымдардын бири, Улуттук Чалгындоо Уюмунун кутуму ишинде соттолгон, камактагы коопсуздук директордлугунун мурдагы башчысы ФЕТӨчү Эрол Демирхан. Демирхандын IDси 27.
Демирхандан кийин Анкара полициясынын мурдагы директорунун орун басары, ошондой эле ФЕТӨ мүчөсү, ID номери 28 менен Огуз Киремитчи келет.
Алдыңкы 100 ысымдын ичинде 40-ID номери менен дагы бир белгилүү ысым - Хрант Динктин өлтүрүлүшү боюнча айыпталуучу Серкан Шахан.
ID номери 43 менен Женгиз Өзкан. Өзкан - орус элчиси Карловдун өлтүрүлүшүн пландаштырган Жемал Караата менен байланышы болгон адам.
Дагы бир таң калыштуу ысым - АКШдагы ФЕТӨ имамы Мехмет Яша. ID номери 49 менен Мехмет Яша Atlanta Star Chain деп аталган компанияда ФЕТӨ мүчөлөрүнө таандык 30 миллион долларды "ысырап кылгандардын" бири.
Жевхери Гүвен дагы негизги кишилердин катарында
ByLock ID номерлери уюмдун ичиндеги "баалуулук" даражасын абдан так көрсөтүүдө. ФЕТОго берилгендиги менен белгилүү болгон качкын журналист Жевхери Гүвен да ушундай ысымдардын бири. Гүвен биринчи миңдикке кирбесе да, ФЕТӨ мүчө журналисттердин арасында биринчи орунда турат.
ФЕТӨнүн Геббельси катары да билинген Гүвендин ID номери 3320. Журналист Гүвендин ФЕТӨгө байланышы бар башка журналисттерге салыштырмалуу канчалык баалуу экенин көрүнүүдө. Бул тууралуу трткыргыз кабарлады.