www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын мурдагы жетекчиси күн мурун Фейсбуктагы баракчасына "Аял затын сыйлайлы" деген темада пост жазып чыккан. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү Илим мырзанын айтканын кубаттаса, кээ бирлери сын көз караш менен билдирүү калтырышкан. Көп өтпөй, Карыпбеков билдирүүлөргө жооп жазып чыкты. 

"Мен аялдар жөнүндө жазсам мээси бар эркектер унчугушкан жок, кичине уялышты окшойт. Бирок тиги сүрөткө окшогон айрымдары жазышыптыр былжыраба, белгилүү окумуштуу, модельер, ойлоп чыгуучу, ашпозчулар баары эркектер деп.
******
"Иииий арыңа сийеиндер десе" деп ойлоп койдум. Үйдө 4 балаң өкүрүп, тамак сурап, чычат элем, сийет элем, сабагымды жасап бер, кийимимди жууп, тазалап бер, чачымды өрүп бер, жатаарда жомок окуп бер дешип, кайненең чайың муздак го, үйүң чачыкго деп, күйөөң ысык тамак барбы күнүгө жаңы, көйнөгүм акбы, тазабы, үтүктөлгөнбү, каякта жүрөсүң 7-ге чейин, 6-да эле келмек эмес белең деп турса, дагы 99 маселең турса, анан баары аз келгенсип бир жериңден бир айда 3 күндөн 10 күнгө чейин токтобой шорголоп бир нерсе агып турса жаныңды кыйнап, көрөт элем сени кантип белгилүү модельер, ашпозчу, окумуштуу, ойлоп чыгуучу болооруңду! Бок чиригиң башыңа оролуп отурат элең "плиндики за что мне такая жизнь?"-деп, мээси жок галдирбай сүрөт десе!"-дейт Илим Карыпбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости