www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык тармагындагы баракчасына Бишкек шаарынын мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Интеллигент мэрден интеллигенттүү сөккү
******
Бул киши сөкпөгөн адам аз эле калды. Депутатты деле сөгөт, көп балалууларды деле сөгөт. Баарын эле шалпылдатып сөгүп эле атат эч нерсесин калтырбай. Таарынайын десең барпалаңдап элге зыяны жок Балбак байке деле сөккү жеди. А бирок бул киши расмий мамлекеттик кызматкер, мэрдин кеңешчиси болгон бойдон былк этпейт.
*****
Ушундан улам ойлоп койдум, бул кишиде деле күнөө жок окшойт, простоле тиги мэр байке интеллигент адам эмеспи. Анан өзү ачык сөгө албай, сөккүсү келгенде эле бул кишини чакырып тафай дегенде, бул киши ашатат окшойт. Так что нормалдуу, отура берели унчукпай интеллигент мэрден интеллигенттүү сөккү угуууп коюп".
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык мэриясынын кеӊешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн Твиттер баракчасына: “Мен көп балалуу үй-бүлөлөрдү жек көрөм, көргүм дагы келбейт”- деп жазып чыккан. Көп өтпөй ал кайра кечирим сураган.
Булак: NazarNews.kg