www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Твиттер баракчасынан жазылган пикирине төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

Урматтуу достор!

Каралоо, бурмалоо, эптеп эле элге жаман көрсөтүү ыкмаларына көнүп деле бүттүм. Дагы бир аракет жүрүп атканын көрүп атсаңыздар керек.

Бул постту Мавлян Аскарбеков, Дайыр Орунбеков аттуу инилериме жана бул жигиттерге окшогон эр азаматтарга багыштайм.

Биринчиден менин твиттерде жазган сөзүмдү туура которууңуздарды суранат элем. Ал жерде региондордун бардыгы, айылдыктардын бардыгы алкаштар, аракечтер деген жерим жок. Арак ичүү айылдарда көп учурда кездешет, ошол арактын ордуна жалкоолук менен күрөшүп иштеш керек деген маанини билдирет.

Айылдыктарга жаны калбай күйүп бышып аткан Мавлян менен Дайыр инилерим, жана буларга кошулуп үрүп аткан эр азаматтардын төрөлгөн жерде таптакыр арак ичүү маселеси жок болсо, арактын жыты көрүнбөгөн, арак деген эмне экенин унутуп калган айылдар болсо баракелде!

Анда мен ошол айылдардан кечирим сурайм. Тилекке каршы мен өсүп чоңойгон айылдарда, мен азыр барып, көрүп жүргөн айылдарда дагыле арак ичүү маселеси өтө оор болуп турганын көрүп, байкап жүрөм.

Мен айылдан 16 жашыма чеин чыкпай өскөн баламын. Апамдын, Атамдын пенсиясы 17-18 күнгө эле жетчи учөөбүзгө, ошондо карызга кошуналардан жүгүрүп барып нан сурап, жарым кило кумшекер сурап жашаган күндөрүм болгон.

Мындай абал биздин гана үйдө эмес, кошуналардын, айылдаштардын көбүндө болгон! Жалгыз керза өтүгүмдүн томугу аттын үзөнгүсүнө жешилип, тешилип калганда 1-2 айлап окуга барбай калган күндөрүм болгон.

Ошол учурда биз үй-бүлөбүз (атам, апам, мен) акчабыз нанга, мага жаман өтүккө жок болуп турган учурда айылыбыздын үчкошкон, төрткошкондорунда айылдын эркектеринин бир тобу күндө майрам, күндө той болуп, үйлөрүндө кыйналып аткандыгына карабай аракка дайыма карыздаса да, тоносо да, уурдаса да акча таап ичип аткандарын күнүгө эле көрчүмүн.

Азыр деле ушундай учурлар бар экенине дагы эле тилекке каршы күбө болуп жүрөм. Ушул маселе менен катуу күрөшүшүбүз керек деген гана таризде жазган твиттердеги бир сүйлөмүмдөн жыт издеп атсыңар достор.

Андан көрө биргелешип жардам кылалы туулуп өскөн айылдарыбызга!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости